6-мартта М.В. Фрунзенин мемориалдык үй-музейинде “Уркуя Салиева — кайраттуулуктун жана эркиндиктин символу” аттуу көргөзмө ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Көргөзмө көрүнүктүү коомдук ишмер Уркуя Салиеванын өмүрү жана коомдук ишмердүүлүгүнө арналат. Анда архивдик сүрөт, документтер жана “Отко таазим” көркөм тасмасы аркылуу Уркуя Салиеванын тарыхтагы орду жана коомдогу тең укуктуулук үчүн күрөшү чагылдырылат.
Иш-чара кыргыз коомунун өнүгүшүндө аялдардын ролун даңазалоого багытталган.



