7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Asman Airlines үчүн эки Airbus A321 учагы сатып алынат

316

“Кыргызстандын аэропорттору” ААК жана европалык авиакуруу корпорациясы Airbus эки заманбап Airbus A321 жүргүнчү учагын сатып алуу боюнча келишимге кол коюшту. Бул учактар мамлекеттик Asman Airlines авиакомпаниясы үчүн алынат.

Документке кол коюу салтанаттуу иш-чарага Airbus компаниясынын президенти Йохан Пелисье, Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, “Кыргызстандын аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов, Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов, ошондой эле BBAM Aircraft Leasing & Management эл аралык учактарды лизингге берүү жана башкаруу компаниясынын улук вице-президенти Морис Прендергаст катышты.

Airbus — дүйнөдөгү эң ири авиакурулуш корпорацияларынын бири жана жарандык учактарды чыгарган алдыңкы өндүрүүчү. Ал 1970-жылы негизделген жана бүгүнкү күндө Европанын бир нече өлкөлөрүнүн өндүрүштүк жана инженердик мүмкүнчүлүктөрүн бириктирет.

BBAM Aircraft Leasing & Management — коммерциялык учактарды лизингге берүү жана башкаруу тармагындагы алдыңкы эл аралык компаниялардын бири. Компания авиациялык флотту жаңыртуу боюнча ири эл аралык долбоорлорго катышат.

Airbus A321 учактары заманбап тар корпусу бар орто аралыкка учуучу учактардын катарына кирет. Алардын сыйымдуулугу 180ден 200гө чейин жүргүнчүнү түзөт, ал эми учуу алыстыгы болжол менен 6000 километрге жетет. Жогорку деңгээлдеги күйүүчү май үнөмдүүлүгү, заманбап коопсуздук системалары жана ыңгайлуу салону менен бул учактар дүйнөдөгү көптөгөн алдыңкы авиакомпаниялар тарабынан кеңири колдонулат.

“Кыргызстандын аэропорттору” ААК жакынкы беш жыл ичинде Asman Airlines авиакомпаниясы үчүн жалпы 10 даана ушул типтеги учак сатып алууну пландаштырууда.

317