Бишкекте 22-майдан 22-июнга чейин ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.
«Ысык сууну өчүрүү жылда өткөрүлүүчү профилактикалык иштерге байланыштуу жана жылуулук түйүндөрүн жылуулук мезгилине карата даярдоо максатында болууда», — деп билдирет маалыматта.