7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

КР Конституциясынын 30 жылдыгында мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды (ФОТО)

471

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгын майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара конституциялык өнүгүү тарыхына арналган фильмди көрсөтүү менен башталды.

Садыр Жапаров сөз сүйлөп, кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.

Ал өз сөзүндө Кыргызстандын конституциялык мамлекеттин түзүлүшүндө маанилүү роль ойногон көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлерин белгилеп, өлкөнүн конституциялык өнүгүүсүнүн тарыхый этаптарына кеңири токтолду.

Жапаров элди биримдикке чакырып, Кыргыз Республикасынын ар бир жараны өлкөнүн Конституциясынын духун жана маанисин жакшы билиши керектигин баса белгиледи. Өзүнүн жарандык жоопкерчилигин сезип, мамлекеттин турмушуна активдүү катышуу маанилүү. Ошондо гана Кыргызстанга салым кошуп, ийгиликтерге жетишүүгө болот. Өлкөнүн келечеги ар бирибизден көз каранды.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү:

— Кыргыз Республикасынын конституциялык негиздерин реформалоого кошкон олуттуу салымы жана үзүрлүү мыйзам жаратуу ишмери үчүн КРнын президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер Кабинетинин укук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги Укушов Мурат Каниметович III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды;

Сот тутумундагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана конституциялык контролду жүзөгө ашырууга кошкон салымы үчүн

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи” ардак наамы ыйгарылды:

Конституциялык сотунун төрагасынын орун басары — Дуйшеев Карыбек Арстанбековичке;

Конституциялык соттун судьясы — Жумабаев Латип Пазыловичке.

Ошондой эле КРнын Ардак грамотасы менен Кыргызстандын Конституциялык сотунун судьясы — Бобукеева Меергул Рыскулбековна сыйланды.

Андан соң иш-чара концерттик программа менен уланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

472