7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров ФИФАнын президенти Джанни Инфантинону кабыл алды (ФОТО)

361

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, бир күн мурун Бишкекке келген Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Джанни Инфантинону кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз футболун өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандын футбол инфраструктурасын жакшыртуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Джанни Инфантинону жылуу тосуп алып, аны Эл аралык футбол федерациясынын президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктап, дүйнө жүзү боюнча футболду өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымы үчүн ыраазычылык билдирди. 

Садыр Жапаров ФИФАга мүчө-мамлекеттер бул абыройлуу уюмдун башчылыгына Джанни Инфантиного ишеним көрсөтүшкөнүн белгиледи. Бул ишеним спорттун дүйнөдөгү эң популярдуу түрү болгон футбол боюнча мыкты-мыкты идеяларды жылдыруусун баалоо жана бул жаатта жетишкен ийгиликтерин таануу деп ишенимдүү айтса болот.

Президент Эл аралык футбол федерациясынын “Жаш таланттарды өнүктүрүү схемасы” программасы ар бир жаш таланттуу оюнчуга эң сонун мүмкүнчүлүк. Кыргыз тарап кыргыз футболун өнүктүрүүгө Эл аралык футбол федерациясынын көрсөткөн көмөгү үчүн терең ыраазычылык билдирет. 

“Кыргыз Республикасына болгон сиздин биринчи сапарыңыз символикалуу жана маанилүү. Сиздин Кыргызстанга келишиңиз кыргыз футболунун өнүгүүсүнө дем-күч берет. Спорт жаатындагы жетишкендиктер мамлекеттин бакубаттуулугунун, биримдигинин жана өнүгүүсүнүн көрсөткүчү болуп саналат”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары активдүү жашоо образын тандап, спорт менен машыккандардын саны көбөйгөнүнө көңүл бурду. Бул мамлекет тарабынан спорт тармагына, анын ичинен футболго абдан чоң маани берилип, колдоо көрсөтүлүп жатканынан кабар берет.  

Садыр Жапаров спорт түрлөрүнүн ичинен футбол анын жан дүйнөсүнө өтө жакын спорт экенин, өзү бала кезинен бери ойнорун жана футбол дүйнөсүндө болуп жаткан окуяларга чоң кызыгуу менен баам саларын белгиледи.

Президент ата мекендик футболду өнүктүрүүгө багытталган ар бир демилгени ар тараптуу колдой турганын кошумчалап, өзү демилгелеген минифутбол боюнча “Мурас” турнири тууралуу айтып берди. Ал жакшы салтка айланып, турнир жылына эки жолу өткөрүлөт.

 “Эл аралык футболду өзүнчө бир үй-бүлө катары карай турган болсок, биз өзүбүздү ал үй-бүлөнүн толук кандуу мүчөсүбүз деп билебиз. Ошондуктан ФИФА бизге үй-бүлөдөгү бир туугандай камкор мамиле кылат деп бекем ишенебиз”, — деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров.

Өз кезегинде Джанни Инфантино жылуу кабыл алуусу жана өлкөдө футбол кандай өнүгүп жатканын өз көзү менен көрүү мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Бул анын Кыргызстанга биринчи сапары.

Алардын максаттарынын бири Кыргызстанда футболдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү жана эл аралык тажрыйба менен бөлүшүү, ошондой эле спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө инвестиция салуу. Ошол эле маалда Джанни Инфантино Кыргызстандын футбол союзунун жакшы иштегенин баса белгилеп, ФИФА Кыргызстанда футболду өнүктүрүүгө максималдуу салым кошуу ниети бар экенин билдирди. Тактап айтканда, алар Ысык-Көлдөгү Балдар жана өспүрүмдөр футбол академиясына жана башка объектилерге инвестиция салууга, техникалык колдоо көрсөтүүгө даяр.

Джанни Инфантино 10 жылдан бери кыргыз футболу кандай жакшы өнүгүп, татыктуу жыйынтыктарды көрсөтүп жатканын байкап келишкенин кошумчалады. Мындан тышкары, ал кыргызстандык футболчулардын физикалык да, техникалык жактан да талантын белгиледи.

Джанни Инфантино кыргыз тарапка спорт тармагындагы кызматташтыкты мындан ары активдештирүүгө даярдыгы жана каалоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

362