7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жаран өз өмүрүн кыюуга аракет кылган

519

21-ноябрь күнү, саат 17:27де Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Бишкектеги №5 мектептин 4-кабатынан секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткан жаранды куткарып калышты.

Маалымат 112 кызматына түшөр замат жерине Куткаруу кызматынын 10 куткаруучусу тартылган.

Куткаруучулар мектептин психологу менен биргеликте сүйлөшүүгө аракет жасап жаткан учурда, экинчи топтогу куткаруучулар мектептин чатырынан атайы альпинисттик шаймандар менен түшүп, жарандын өмүрүн сактап калышкан.

Өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаран 1987-жылы туулган И.А. аттуу эркек киши. Такталган маалымат боюнча ал мектептин кызматкери эмес. Учурда аны куткаруучулар Ички иштер министрилигинин кызматкерлерине өткөрүп берип, тиешелүү иш-чаралар жүрүүдө.

 

520