7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жүргүнчүлөр үчүн «Троллейбуста окуу» акциясы болду

740

Бишкекте Маданият жумалыгынын алкагында шаардык жүргүнчүлөр үчүн “Троллейбуста окуу” акциясы болду. Бул тууралуу Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акция шаардыктардын көңүлүн адабиятка буруу максатында, Бишкек троллейбус башкармалыгы тарабы менен борборлоштурулган китепкана тармагы уюштуруп, жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө, акын Алыкул Осмоновдун дүйнөдөн өткөн жылдыгына жана Улуттук маданият күнүнө арналган.


“Троллейбуста окуу” эң узун №11 каттам менен чыгып, чыгыш автобекетинен Асанбай кичи районуна чейин каттады. Китепканалардын кызматкерлери троллейбустун жүргүнчүлөрүнө белгилүү жазуучулардын чыгармачылык биографияларын жана алардын чыгармаларынын тарыхын айтып беришти.

Шаардыктар Айтматовдун жана Осмоновдун чыгармачылыгына байланыштуу викториналарга жана сынактарга катышып, сыйлыктарга ээ болушту. Ошондой эле жүргүнчүлөр уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, китепке болгон кызыгуу күчөшү керектигин билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

741