Бишкекте жүргүнчүлөргө аяз ата менен аяз кыз жаңы жылдык маанай тартуулашты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, №4 каттамдагы троллейбуста аяз ата менен аяз кыз 2022-жылдын символу «жолборс» жылы менен жүргүнчүлөрдү куттукташты.
Бул жолу жүргүнчүлөргө балдардын чыгармачылык борборунун жаш артисттери жана Биринчи Май районунун №78 жана №54 гимназия-мектептеринин мугалимдери катышты.
Белгилей кетсек, аяз ата менен аяз кыз коомдук транспорттордун жүргүнчүлөрүнө 31-декабрга чейин жагымдуу маанай тартуулашат.