7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектин так ортосунда атышышкан 6 шектүү кармалды. Калгандары изделүүдө

631

Бишкектин борборунда атышуу болду. Ага ылайык шектүү катары 6 жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-декабрь күнү кечки саат 21:00 чамасында Эркиндик бульварында массалык мушташ болуп, натыйжада ок атышуу болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу барганда травматикалык тапанчанын 3 огун жана мылтыктын 3 огун табышкан.

Бул факт 280-берененин негизинде катталды.

Борбор калаанын милиция кызматкерлери окуяга тиешеси бар 6 шектүүнү кармады. Алар 1983-жылы туулган М.А., 1988-жылы туулган А.Г., 1987-жылы туулган А.Т., 1993-жылы туулган А.Т., 1991-жылы туулган Д.Н., 1988-жылы туулган А.Т., экени белгилүү болду. Мындан тышкары, алардын биринен «Сайга-12» үлгүсүндөгү курал табылган. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул окуяга тиешеси бар башка дагы шектүүлөр изделүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

632