Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жарлыгы менен үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында кызматынан бошотулган Кудайберди Кожобеков ОшМУнун ректорлугуна кайра келди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрнин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Кудайберди Кожобеков шайлоодо үгүт иштерине студенттери катышкандыгы үчүн кызматынан четтетилген.