7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жаңы жылдык президенттик балаты болуп өттү (ФОТО)

982

Бүгүн, 24-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусундагы балдар үчүн уюштурулган жаңы жылдык балаты болуп өттү.

Маалыматка ылайык, иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылды, анын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрү, Ооганстандын Кичи жана Улуу Памириндеги этникалык кыргыздардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчылары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана башкалар катышты.

 

Балдарга бий топторунун тарбиялануучулары тарабынан даярдалган «Бакыт аралы» жаңы жылдык оюн-зоогу көрсөтүлдү.

               

Жаңы жылдык спектакльден соң Жапаров балдарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, аларга ден соолук жана окууларына ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле президенттин атынан балдарга белектер тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

983