7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жаранга бычак саюуга шектелип эки жигит кармалды

852

Бишкекте жаранга бычак саюуга шектелип эки жигит кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-декабрда “102” кызматына 7-апрель жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен “бирөөгө бычак сайып жиберди” деген маалымат түшкөн. Анда балдар урушуп кетип, бири экинчисинин артына бычак сайып, качып кеткендигин 31 жаштагы Ж.Н. аттуу жаран көрүп кабарлаган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмышка шектүү катары 24 жаштагы А.У. жана 25 жаштагы Ш.Ы. аттуу жарандар кармалып, Свердлов райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлгөн.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

853