Социалдык тармактарда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин сол көзү көгөргөн сүрөтү желдей тарап, айрым колдонуучулар анын сабалгандыгын жазышкан. Бул сүрөт боюнча Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 7-каналга өз пикирин билдирди.
“Биз 17-декабрь күнү балаты тиккенбиз. Ошол көзүмө тийип кетиптир. Өзүм деле байкаган эмесмин. Интервью бергенден кийин, видеодон көрдүм”,-деп билдирди Бейшеналиев 7-каналга.
Ошондой эле Министр Бейшеналиев ишенбеген журналисттерди ишемби күнү Ысык-Көлгө барып, биргеликте балаты тигип келүүгө чакырды.