7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жарым марафон өткөндүктөн бир катар көчөлөр жабылат

385

Бишкекте 29-сентябрь күнү «Snow Leopard Run-2024» бешинчи эл аралык кайрымдуулук жарым марафону өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Иш-чара «Ала-Тоо» аянтында 4500 адамдын катышуусунда башталат. Жарыш 5 чакырым, 14 чакырым, 21,1 чакырым аралыктарды, ошондой эле 3 жаштан 13 жашка чейинки балдардын жарышын камтыйт.

Жарым марафон борбордук көчөлөр аркылуу өтөт. Буга байланыштуу эртең мененки саат 6:00дөн баштап бир катар жол жабылат:

— Чүй проспектиси Манас проспектисинен Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейин;
— Абдрахманов көчөсү Чүй проспектисинен Иманалиев көчөсүнө чейин;
— Иманалиев көчөсү Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин;
— Масалиев көчөсү Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин.
— Ч.Айтматов проспектиси Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.

Бул иш-чараны мэриянын колдоосу менен Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурууда.

386