Ошто дарыгердин көрсөтмөсү жок күчтүү дарыларды сатууну көздөгөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирет.
Кармалган жарандын жанынан кара жана көк пакеттерге таңгакталган дарылардын ири партиялары 80 кассета (лирика) жана 100 флакон (көз тамчылары) табылган. Анын жалпы баасы 195 миң сомду түзөт. Ал дары-дармектерди дарыгердин көрсөтүүсү жок эле сатууну көздөгөн.
Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.