7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Бегиш Аматов дүйнө салды

184

Кыргызстан эли орду толгус оор жоготууга учурады. Легендарлуу парламенттин депутаты, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Бегиш Аматов 2024-жылдын 26-сентябрында 75 жаш курагында каза болду.

Бегиш Аматов 1949-жылы Ош облусунун Алай районуна караштуу Көлдүк айылында туулган. Алгач 1966-жылы зооветеринардык техникумду аяктап, андан соң 1971-жылы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн.

Эмгек жолун 1971-жылы Алай совхозунда зоотехник болуп иштөөдөн баштаган. 1974-1976-жылдары Ленин совхозунда башкы зоотехник, 1976-1981-жылдары Социализм совхозунун директору болуп эмгектенген. 1981-1983-жылдары Алматы шаарындагы жогорку партиялык мектептен билим алып, 1983-1990-жылдары Базар-Коргон районунун 2-секретары болуп кызмат кылган.

Бегиш Аматов коомдук-саясий иштерге жигердүү аралашып, 1990-1994-жылдары эл арасында “Легендарлуу парламент” деп аталган Кыргыз ССР Жогорку Советинин XII чакырылышынын депутаты болгон. 1991-жылдын 31-августунда алгачкылардан болуп, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы жөнүндө декларацияны кабыл алуу демилгесин көтөрүп, элибиздин эгемендүүлүк алышына зор салымын кошкон.

 

 

185