7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтөт

327

6-ноябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтөт. Бул тууралуу Нью-Йорк шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун тышкы иштер министрлер кеңешинин салттуу бейформал жыйынында белгилүү болду.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жыйын БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өткөн.

«Отурумдун жүрүшүндө тышкы иштер ведомстволорунун жетекчилери ТМУнун күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты. Негизги көңүл үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрында Бишкекте өтө турган кезектеги ТМУ саммитине даярдык көрүүгө бурулду», — деп айтылат билдирүүдө.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө тараптарды алдыдагы Бишкек саммитинин күн тартибинде кабыл алына турган бардык документтерди ыкчам түрдө алдыга жылдырууга жана макулдашууга чакырды.

 

 

328