Бүгүн Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусуна жана Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусуна 2-3 см калыңдыкта кар жаады.
Транспорт министрлигинен билдиргендей, жеринде жолчулар тарабынан тазалоо иштери жүрдү. Ошондой эле Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда жана Ала-Белде кыламык кар жааган, каттам бар.
Учурда ашуулар менен жолдордо унаа кыймылы үчүн эч кандай кыйынчылыктар жок. Министрлик айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram