«Нарын» аэропортунда капиталдык ремонт бүтүп, ачууга даярдалууда. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.
Жумушчу комиссия инфраструктуралык объектилерди, учуп-конуу тилкесин, жабдууларды жана коопсуздукту камсыздоо системаларын көрүп чыккан.
«Манас» аэропортунун директору Манасбек Самидинов аэропортту ачуу аймактын аба-транспорттук түйүнүн жандандырып, туризмди, сооданы жана экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турганын айткан.
Аймактагы аба майдандын жакында расмий ачылышы пландалууда.