Бишкекте жаш кызды бычактап, андан соң өзүнө бычак сайган жигит каза болду. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.
Тастыктамага ылайык, 4-майда РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Чүй проспектисинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде белгисиз жигит кызды өлтүрүп салганы тууралуу маалымат түшкөн. Ошол замат Свердлов РИИБнин тергөө-ыкчам тобу чакыруу болгон жерге жөнөп, ал жерге келген учурда жаран 1997-жылы туулган Ч.Д. кызганычтын айынан 1997-жылы туулган Д.А.нын мойнуна бычак сайып, андан кийин болжол менен өзүнүн мойнуна бычак сайган. Окуя болгон жерге тез жардам кызматы чакырылып, бирок ооруканага бара жаткан жолдо жаран Д.А. алган жараатынан улам каза болгон.
Ал эми, Ч.Д. ооруканага жаткырылып, кайтарууда болгон.
Шектүү 8-май күнү өзүнө келбей каза болду.
Бул факты Свердлов райондук милициясына КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен катталып, зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.