Кемин районунда уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-майда Кемин РИИБине 1989-жылы туулган К.С. арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү короодогу атын ээр токуму менен жашыруун уурдап кеткен белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчү айткан.
Бул факт Кемин РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү делип 2002-жылы туулган А.Ы. кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Учурда уурдалган ат ээсине кайтарылды.
Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.