Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германиядагы дарылануудан кийин жумушка чыкты. Бул тууралуу 7-каналга министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
«Акылбек Жапаров эртең менен аппараттык жыйын өткөрүп, кызматтык милдеттерин толук аткарууга киришти»,- деп берилет билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин төрагасы медициналык кароодон өтүү үчүн Германияга барып келди.