7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жеңилдетилген дары-дармек берүү тартиби өзгөрөт

175

Бишкек шаарында 2026-жылдын 1-июлунан тартып жеңилдетилген дары-дармектерди берүү системасы өзгөрөт. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик кепилдиктер программасы жана Кошумча милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча каралган жеңилдетилген дары-дармектер эми «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын «Эл Аман» дарыкана тармактары аркылуу гана берилет.

Бул пилоттук долбоор 2026-жылдын 31-декабрына чейин ишке ашырылат. Камсыздандырылган жарандар электрондук рецепттин негизинде дары-дармектерди 50 пайызга чейин арзандатуу менен сатып ала алышат. Ал эми бронх астмасы, параноиддик шизофрения, ар кандай аффективдүү бузулуулар, эпилепсия жана онкологиялык оорулардын терминалдык стадиясы менен жабыркаган бейтаптар үчүн дары-дармектер 90 пайыздык арзандатуу менен берилет.

Жеңилдетилген тартипте берилүүчү дары-дармектердин толук тизмеси үй-бүлөлүк дарыгерлерде жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун расмий маалымат булактарында жеткиликтүү.

176