7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жол кире азырынча кымбаттабайт

629

Бишкекте коомдук транспортто жол кире акысын көтөрүүнүн мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда кабыл алынган токтомго ылайык, тарифтер 15-январда кымбаттай турганы расмий кабарланган болчу.

Мэриядан түшүндүрүшкөндөй, тарифти жогорулатуу токтомуна эс алуу күндөрүнө байланыштуу кол коюу процедурасы бүтпөй калган. Азырынча жүргүнчүлөр мурдагы баа менен төлөй беришет. Токтом качан даяр болору жана кайсыл күнү күчүнө кирери азырынча белгисиз.

Эске салсак, жаңы токтом кабыл алынып калса, накталай төлөм менен жол кире 20 сом, “Тулпар” картасы менен 17 сом болот. Ал эми MegaPay электрондук капчыгы менен жол акысын төлөө мурдагыдай эле 11 сом болот. Маршруткаларда болсо төлөм 20 сомду түзөт.

630