7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жол куруу иштери качан аяктайт?

296

 

Бишкекте жол куруу иштери 20-октябрга чейин толук аяктайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотов “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылга Бишкек шаарында 15 көчөнү оңдоп-түзөө планга киргизилсе анын 7 көчөсүндө жумуштар аяктап, 5 көчө толук кандуу ачылды.

Тактап айтканда, Бишкекте Жибек Жолу, Курманжан датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин эки тараптуу жол, Жаш Гвардиядан Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу көчөсүнө чейинки эки тараптуу жолунун оңдоо иштери толук кандуу аяктап, эки тараптуу ачылды. Эң чоң Медеров көчөсү 7-апрелден Панфилов көчөсүнө чейин ремонт иштери бүттү.

Андан тышкары, мурунку Чүй көчөсү азыркы Шабдан Баатыр көчөсүн 7-апрелден Лермонтовага чейинки тилкесинин түндүк жак бөлүгү гана оңдолгондугун айтты.

“Себеби, Бишкек жылуулук тармагы көчөнүн алдындагы түтүктөрүн оңдоону кийинки жылга пландаштыргандыктан, жолду оңдоо да кийинки жылга калтырылды. Жер алдындагы Бишкек жылуулук тармагынын түтүктөрү оңдолгондон кийин жол ондолот”,-деди Жанболотов.

297