«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы шаардын жолдорун оңдоо жана жакшыртуу иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
- Жибек-Жолу проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилишинде, Ч.Айтматов проспектисин бойлото тротуар төшөө үчүн негиз даярдалууда.
- Кулатов көчөсүнүн Байтик Баатырдан Ибраимовго чейинки бөлүгүндө, андан ары Кулатов көчөсүнөн Элебаев көчөсүн бойлото жаракалар толтурулуп жатат.
- Алтын-Ордо конушунда тротуар төшөө үчүн фундамент даярдалып, бордюрлар орнотулууда.
- Арча-Бешик конушунун Жазира жана Кызыл Адыр көчөлөрүнүн боюнда жолго шагыл төгүү иштери жүрүп жатат.
- Арзамас жана Корей көчөлөрүндө люктар жөнгө салынып, жолдун өтүүчү бөлүгү оңдолууда.
- Фучик көчөсүндө бордюрлар тазаланып, сырдалууда. Байтик Баатыр менен Донецкий көчөлөрүнүн кесилишинде жана Гражданская көчөсүнүн боюнда люктар көтөрүлүп, Мыскал көчөсүндө арык орнотууга даярдык көрүлүүдө.