7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте ЖРТга байланыштуу айрым мектептер онлайн окутууга өтөт

211

Бишкек шаарынын мэриясы жалпы республикалык тестирлөөгө байланыштуу калаадагы 26 мектеп онлайн окутууга өтөрүн билдирди. 16-майдагы маалыматка ылайык, 18-20-май күндөрү Ленин районундагы №9, 13, 31, 68, 72, 84, 93, 96 мектеп, Свердлов районундагы №1, 4, 38, 65, 66, 94 мектеп онлайн окууга өтөт. 22-24-майга чейин Биринчи Май районунун № 6, 24, 27, 28, 69, 83 мектептер, Октябрь районундагы № 3, 39, 62, 63, 64, 88 мектептин окуучулары аралыктан окушат.

Кыргызстанда 11-класстын окуучуларына Жалпы республикалык тестирлөө үч этапта өтөт.

Биринчиси 18-20-майда, экинчиси 22-24-майда болот. Үчүнчү этап жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калгандарга 21-23-июнда болот. Каттоого жетишпей калган бүтүрүүчүлөр үчүн 17, 21-май жана 20-июнь күндөрү тест борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлөт. Жалпы республикалык тестирлөө мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жогорку окуу жайларга өтүүгө мүмкүнчүлүк берген сынак. Билим берүү жана илим министрлиги окуу жайларга өтүүнүн босого баллы 110 деп белгилеген.

Жалпы республикалык тестирлөө 2000-жылдардын башында окуу жайларга парасыз кирүүнү камсыздоо максатында уюштурулган.

212