18-майда, Азербайжандын Баку шаарында дүйнөнүн 182 өлкөсүнөн келген 45 миңден ашуун делегаттын катышуусунда Бүткүл дүйнөлүк шаарлар форумунун (WUF13) 13-сессиясы өттү.
Форумдун алкагында президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, Кыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Мамлекет башчысы климаттын өзгөрүшү, урбанизация жана турак жай жеткиликтүүлүгү бүгүнкү күндүн негизги чакырыктарынын бири экенин айтып, тоолуу шаарларды өнүктүрүү боюнча Эл аралык тоолуу шаарлар ассоциациясын түзүү демилгесин сунуштады.
WUF13 алкагындагы Urban Expo көргөзмөсүндө Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев министрлик тарабынан Кыргызстандын павильонуна коюлган Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында ишке ашырылып жаткан заманбап туристтик комплекстердин жана төрт мезгилдүү резиденциялардын эскиздик макеттерин тааныштырды.
Министр өз сөзүндө долбоорлордун өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, мамлекет тарабынан туризм жана инфраструктура тармагындагы ири инвестициялык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
Тамчы айылындагы негизги үч долбоор төмөнкүлөр:
— “Tamchy Resort” комплекси: заманбап батирлер, таунхаустар, коттедждер жана жеке бассейндери бар виллалар менен катар ресторандар, спорт аянтчалары жана эс алуу зоналары камтылган ири туристтик аймак;
— “Urpaq Resort”: төрт мезгилдүү форматтагы курорттук резиденция болуп, көлдү караган батирлер, коттедждер, жабык аквапарк, ачык бассейндер, веложолдор жана жеке пляж менен өзгөчөлөнөт;
— “Elizaveta Resort”: премиум-класстагы эс алуу комплекси катары иштелип чыгып, кең террасалуу батирлер, таунхаустар, люкс виллалар жана эл аралык деңгээлдеги SPA жана сервис инфраструктурасын камтыйт.
Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Ысык-Көлдүн Тамчы айылында жалпы 100 гектар аянтка туристтик комплекстер жана төрт мезгилдүү резиденциялар курулуп жатат. Долбоорлордун өзгөчөлүгү — аймактын болгону 30 пайызы гана курулушка пайдаланылып, калган бөлүгү жашыл зоналарга жана эс алуу инфраструктурасына багытталган.
Мындан тышкары, көргөзмөгө Бишкек шаарындагы таштандыны кайра иштетүүчү заводдун долбоору да коюлуп, ал экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана “жашыл” технологияларды өнүктүрүү багытындагы маанилүү долбоорлордун бири катары сунушталды.



