Бишкекте Улуттук тарых музейинде журналисттер биримдигинин курултайы өтүүдө. Ага бардык региондордон келген өкүлдөр катышууда.
Кыргызстандын Журналисттер биримдигинин төрагасы Абдыкадыр Султанбаевдин айтымында, иш-чарада өзүнүн отчеттук баяндамасын жасайт. Андан соң биримдиктин жаңы жетекчилиги шайланып, кеңештин курамы бекитилет.
Ошондой эле Журналисттер биримдигинин X курултайынын резолюциясы кабыл алынмакчы.
Курултайда аткарылган иштер жана алдыдагы милдеттер талкууланат.