Чүй облусунда жогорку мамлекеттик кызмат адамдарынын атын жамынып, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык менен шугулданган жарандар кармалды.
29-апрелде Аламүдүн РИИБне 1990-жылы туулган С.М. аттуу жаран Б.С. жана А.А. аттуу жарандарга чара көрүп берүүнү суранып арыз менен кайрылган. Бул жарандар 2023-жылдын март айында Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан, Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө тиешелүү айыл чарба багытындагы жер тилкесин көрсөтүп, ал жерге көп кабаттуу үй курууга макулдашкан. Андан соң, ошол эле жылдын апрель айында Б.С. жана А.А. жогорку мамлекеттик кызмат адамдарынын атын жамынып, бул жер тилкесине тиешелүү документтерди бүтүрүүгө жардам берем деп, арыз ээси С.М.ден анын кымбат баалуу унааларына ишеним кат жаздырып алышкан, бирок, бул жер тилкесинин документтери бүткөрүлбөстөн, алдоо жолу менен ири өлчөмдөгү акчаны алып, изин жашырышкан.
Бул факты Аламүдүн РИИБне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Мындан тышкары, дагы бир Д.М. атту жаран, жогорудагы жарандар анын 380 000 АКШ доллар өлчөмүндө акчасын алдамчылык жолу менен алып койгондугун билдирген.
Шектүүлөр алдамчылык кылмыш аракеттери менен С.М. жана Д.М. аттуу жарандарга жалпы 41 277 310 сомдук материалдык зыян келтирилген.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1992-жылы туулган А.А. жана 1967-жылы туулган Б.С. адамдар аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ал эми тинтүү иш чараларынын негизинде кармалгандардын унаасынан А.А. аттуу жарандын атына жазылган УКМКнын жазалма кызматтык күбөлүгү табылып, алынган.
Урматтуу жарандар! Эгерде Б.С. жана А.А. аттуу жарандардын кылмыш аракеттеринен жабыркагандар жарандар болсо, Чүй облустук ИИБге же 0312 430127 номери боюнча кайрылыңыздар!