7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте журналистти соттон күч менен алып чыгышкан. Сот департаменти үн катты (ВИДЕО)

589

Жогорку сотко караштуу Сот департаменти МИА GovoriTVнын журналистин Бишкек шаардык сотунун имаратынан чыгарылышы жөнүндө социалдык тармактарда тарап жаткан видео боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.

Маалыматка караганда, Кемпир-Абад иши боюнча сот отуруму 2-майга коюлган. Кабарчы Кемпир-Абад окуясы боюнча соттук отурумдарды чагылдырганы барган.

«Судьялар сот приставдарына сот процесси жабык түрдө өтөөрүн эскертишкен. Биринчи жана экинчи кабаттын ортосундагы тепкич аянтчасында бир жаран сумкаларын коюп, Бишкек шаардык сотунун короосунда турган конвойдун «автозагын» телефонго тартып баштаган. Сот приставы аталган жаранга өзүн тааныштырып, биринчи кабатка түшүү жана сотко келген жарандарга тоскоолдук кылбоо өтүнүчү менен кайрылган учурда, кыйкырып, чыр- чатак чыгара баштаган. Сот приставынын өзүн тааныштыруу жана паспортту көрсөтүү талабына макул болбой койгон. Андан соң аталган жаранды соттун имаратынан чыгарууга туура келди»- дешти.

Учурда Бишкек шаарынын сот приставдары кызматынын тиешелүү аймактык бөлүмүнөн рапорттор алынып, таркап жаткан видеоматериал, ошондой эле алынган документтер изилденүүдө. Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

590