7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жылуулук системасы кыска мөөнөттө калыбына келтирилет

609

Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылуунун кесепеттери кыска мөөнөттө калыбына келтирилет. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ЖЭБдеги жарылуу болжолдуу түрдө котельный цехте болгон. Учурда авариянын келип чыгуусун кырсыктан кийин түзүлгөн ыкчам штаб иликтеп жатат. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен жарылуунун себептери аныкталат.

«Жеринде ЖЭБдин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана энергетиктердин жамааты иштеп жатат. Кыска мөөнөттө Бишкек шаарынын жылуулук системасын кайра калыбына алып келебиз деп ойлойбуз. Шаардыктарды электр энергия менен камсыздоодо маселе жаралбайт жана үзгүлтүксүз берилет”, — деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн түндө ЖЭБде жарылуу болуп, шаардын жылуулук системасы үзгүлттүккө учураган.

610