Бишкек шаарына электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабайт. Бул тууралуу жыйында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди.
Анын айтымында, Бишкек Жылуулук электр борборунда орун алган аварияга байланыштуу керектөөчүлөрдү, калкты электр энергия менен камсыздоодо эч кандай маселе жаралбайт, электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет.
Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында Бишкек ЖЭБде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.