Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБинде болгон аварияга байланыштуу иш сапарын токтотуп, Алматы шаарынан Бишкекке учуп кетти.
Ал Бишкекке учуп келген соң президенттин администрациясында штабдын жыйынын өткөрөт.
Эскерте кетсек, Акылбек Жапаров 1-февралда иш сапары менен Казакстандын Алматы шаарына учуп кеткен. Иш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына жана “Digital Almaty 2024: Индустрия X” эл аралык санарип форумуна катышмак.