7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги 2 млрд сомдук стратегиялык объект мамлекетке кайтарылды

263

Бишкекте аянты 17,7 гектар, баасы 1 млрд. 953 млн. сомдук стратегиялык объект мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Завод жана ага жанаша жайгашкан 16,05 га жана 1,2 га стратегиялык маанидеги объекттерди (өнөр жай карьерин) белгиленген тартипти бузуу менен жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталды.

Жер тилкелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин бузуу менен 2004-жылы «Кум-Шагыл» ЖАК жеке ишканасынын жооптуу кызматкерлери тарабынан  мыйзамсыз берилгени такталды.

Белгиленген өндүрүштүк комплекс өзүнө жеке сапаттарга ээ болгон  шагыл, майдаланган таш ж.б. казуу боюнча карьерди, ошондой эле көрсөтүлгөн чийки заттан жасалган жогорку сапаттагы курулуш материалдар заводун камтыйт, буга байланыштуу жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын алкагында  наркы 1 млрд. 953 млн. сомду түзгөн  аталган 17,7 га жер тилкеси мамлекеттин пайдасына алынды.

Белгилей кетсек, 20 жыл ичинде бул стратегиялык объект жеке адамдарга олуттуу киреше алып келсе, мамлекет дээрлик эч нерсе алган эмес.

Жыйынтыгында Бишкек шаардык сотунун чечими менен бүтүндөй өнөр жай комплекси жана ага чектеш аймактар мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Мындан тышкары, козголгон кылмыш ишинин алкагында негизги фигурантка эл аралык издөө жарыяланды.

 

264