Талас облусунун Көк-бөрү федерациясынын жетекчиси Эрлан Абдыкапаров Көк-бөрү менен жер улактын даярдыктарына 7,5 млн сом акча каражаты кеткендигин билдирди.
Эрлан Абдыкапаров балдардын даярдыгы мыкты экенин айтып, 2 ай машыгуу күчтүү тартипте өткөнүн билдирди.
Эске салсак, 8-14-сентябрь күндөрү Казакстандын Астана шаарында V- Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Көк-Бөрү жана жер улакта Кыргызстандын 24 спортчусу өлкө намысын коргоп келет.
Көчмөндөр оюндарына 100дөн ашык өлкөдөн 4 миңге жакын спортчу катышары күтүлүүдө. Алар ат чабыш, күрөш, жаа атуу сыяктуу спорттун негизги 20 түрү жана 10 көрсөтмө түрү боюнча ат салышат.