Бишкек шаарында №23 мектеп убактылуу жабылганын мэриядан билдирди.
Учурда бул мектептин айрым блокторуна сейсмикалык институттун корутундусуна байланыштуу №23 мектептин маселеси КР мыйзамдарына ылайык тиешелүү адистер тарабынан изилденип жатат.
Эгерде бул мектепти бузуу чечими кабыл алынса, заманбап талаптарга ылайык жаңы мектеп курулат.
«Окуучулардын үзгүлтүксүз билим алуусун уюштуруу максатында күзгү каникул аяктагандан кийин окуучуларды башка мектептерге бөлүштүрүү иштери жүргүзүлөт», — деп айтылат билдирүүдө.