7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги асма жолдун курулушун июнда баштоо пландалууда

562

Бишкектеги асма жолдун курулушун майдын аягы, июндун башында баштоо пландалууда. Бул тууралуу вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди.

Анын айтымында, асма жол боюнча чечим кабыл алынып, жумушчу топ түзүлдү.

«27-28-февраль Швейцариядан адис келет, аны менен келишим тузүлөт. Ал ири компаниядан келет. Маршрут Айтматов проспектиси менен Жибек Жолунан Түштүк магистралга чейин түшөт. 5 станция болот. Долбоор жактырылып, майдын аягында же июндун башында капсула салууга даярданып жатабыз. Асма жол ишке кийинки жылдын үчүнчү кварталында берилет деп ойлоп жатабыз. Азыр кандай, канча орундуу кабина жасалары каралып жатат. Асма жол күнүнө 100 миң жүргүнчүгө чейин ташый алат, 65 кабина болот. Долбоор 50-60 млн долларга бааланууда»,- деди Сазыкулов.

 

 

563