ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз акчалай сыйлык алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
19-февралда ЖКККББнын эки кызматкерлери, ошондой эле автомектептин директору И.М.К. кармалган. Аталган кызмат адамдары автотранспорт каражаттарына газ баллондук жабдууларды орнотууга уруксат сертификатын тариздөөдө КР жарандарынан мыйзамсыз акча каражаттарын алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзгөн.
Учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүрүүдө.