7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги “CITY Market” заманбап базарынын куруучу компания аныкталды

103

Бишкек шаарынын 9-кичирайонунда “CITY Market” заманбап базарын долбоорлоо жана куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун сынагынын жеңүүчүсү аныкталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматта белгиленгендей, “CITY Market” базарын курууда жеке өнөктөш катары долбоорго ылайыктуу сунушту берген «Ак Ордо Булак» ЖЧКсы жеңүүчү деп аныкталды.

Долбоорду ишке ашыруу Байтик баатыр көчөсү 6а жана Байтик баатыр көчөсү 4а даректериндеги турак жайлардын ортосунда дүң жана чекене соода үчүн учурдагы талаптарга жооп берген заманбап шаардык инфраструктураны түзүүгө багытталган.

Долбоордун алкагында соода-сатыктын ыңгайлуулугун, коопсуздугун жана функционалдуулугун камсыз кылган кичи базарды куруу боюнча заманбап технологиялык чечимдерди киргизүү каралган.

Ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын жана сунушталуучу азык-түлүктөрдүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле борбор калаанын тургундары үчүн эс алуу жана социалдык өз ара аракеттенүү үчүн ыңгайлуу коомдук мейкиндиктерди калыптандыруу кирет.

104