7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги дүкөн элге жараксыз азыктарды сатып жүргөн

343

Мөөнөтү өтүп кеткен кымбат азык-түлүктү сырттан алып келип, таңгактарын жасалмалаган ишкерлер кармалды. УКМКнын айтымында, 37 жаштагы тургун бул кылмышты 5-6 жылдан бери жасап келген.

Ал 10 жылдан бери Бишкектеги премиум-гастромаркет деп саналган “Корзинка” ЖЧКсынын негиздөөчүсү экени айтылды. Аны менен кошо компаниянын директору жана дүкөндүн башкаруучусу да кармалган. Шектүүлөр чет элдик сатуучулар менен сүйлөшүп алып, эскирип кеткен товарды жаңылардын арасына кошуп ташып келчү.

Европадан импорттолгон соус, сыр, май, деңиз азыктарынын таңгактары чынында жасалма болуп чыккан. Мындай товарларды ири базарлар, кафе, ресторандар сатып алып жүргөн. Текшере келгенде аталган компаниянын эки кампасынан мөөнөтү өтүп кеткен азыктар, таңгакты кайра жасоочу жабдыктар табылды.

344