7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги эки-үч аталыш берилген 18 көчөнү жалпылап атоо пландалууда. Тизме

12
Бишкек шаары кеңейип, аталыштар кайталанып жаткандыктан көчөлөрдү кайра атоо долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга чыгарылды. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Долбоордун негиздемесине караганда, борбордогу көчөлөрдүн кыйла бөлүгү этап-этап менен көп жылдар аралыгында түзүлгөн. Мындан улам бир эле багытта бир нече аталыш пайда болуп кеткен. Административдик-аймактык реформанын натыйжасында Бишкекке жаңы конуштар кошулуп, натыйжада кээ бир көчөлөргө өзүнүн аталышы бар башка көчө уланып калган учурлар дагы кездешет.
Буга байланыштуу көчөлөрдү төмөнкүдөй кылып өзгөртүү сунушталууда:

Михаил Фрунзе көчөсүн (Новопавловка), Дэн Сяопин проспектин, Чүй проспектин жана Шабдан баатыр проспектин Чүй проспектине;

7-апрель көчөсүн Курманжан Датка көчөсүнө;

Жайыл баатыр жана Кайыков көчөлөрүн, Абсамат Масалиев проспектин, Аалы Токомбаев проспектин Токомбаев проспектине;

Анварбек Чортеков, Кривоносов көчөлөрүн Абсамат Масалиев көчөсүнө;

Лев Толстой көчөсүн, Путепроводнаяны, Сары Өзөндү, Лев Толстойду Шабдан баатыр көчөсүнө;

Чыңгыз Айтматов проспектин, Манас көчөсүн Чыңгыз Айтматов проспектине;

Жаш Гвардия проспектин, Махатма Ганди көчөсүн Иманалы Айдарбеков көчөсүнө;

Селекционная жана Муромская көчөлөрүн Махатма Ганди көчөсүнө;

Юлиус Фучик көчөсүн жана Васильевский трактты Манас көчөсүнө;

Жибек Жолу проспектин, Жеңиш проспектин Жибек Жолу проспектине;

Максим Горький, Анкара көчөлөрүн Анкара көчөсүнө;

Чалагыз Иманкулов көчөсү менен Карыбек Тыналиев көчөсүн Тыналиев көчөсүнө;

Байтик баатыр көчөсүн, Жусуп Абдрахманов, Абдынасыр Элебесов, Борбордук көчөлөрүн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө;

Береговая, Окраинная, Көк-Сай, Курманалиев, Набережная, Береговая көчөлөрүн Дэн Сяопин көчөсүнө;

Виноградная көчөсүн Лев Толстой көчөсүнө;

Гоголь көчөсүн (Новопавловка) Чалагыз Иманкулов көчөсүнө;

Ленский жана Юбилейный көчөлөрүн Жайыл баатыр көчөсүнө.

13