Бишкектеги 12-кичи районунда жайгашкан 9 кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн 20 адам куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Куткаруучулар тарабынан 20 адам эвакуацияланып, 4 адам тез жардам кызматына кайрылган.
Өрт 9 кабаттуу турак үйдүн 3-кабатынан чыгып, батирдин болжол менен 60 чарчы метр аянты күйгөн.