7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги маршруткада жүргүнчүлөргө отвертка менен кол салган 2 жаран кармалды

1066

Бишкекте эл ташыган кичи автобуста жүргүнчүлөргө отвертка менен кол салган окуя боюнча эки шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактарга окуянын видеосу тараган. Күбөлөр билдиргендей, белгисиз бала жүргүнчүнүн телефонун уурдоого аракет кылып жатканда кармалып калган. Жүргүнчүлөр аны милицияга өткөрүп берели деген. Бирок анын шериги келип, ызы-чуу чыгарып, бирөөсү кишилерге отвертка менен кол салган. Андан кийин алар качып кеткен.

«Интернетте коомдук транспорттун салонунда белгисиз адамдар отургандыгы, алардын бири куралданган белгисиз нерсе менен жүргүнчүлөрдү коркутуп жаткан видеосу тарады. Бул факты Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын милиция бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматкерлери дароо кылмышкерлердин изине түшүшүп, алардын аты-жөнү такталып, тергөө кызматына өткөрүп берилди. Алар 1994 жана 2005-жылы туулган жарандар болуп чыкты. Учурда тергөө иштери уланууда»,- деп берилет маалыматта.

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1067