7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги сойкукананын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

491

Бишкек шаарындагы Осмонкул көчөсү, №9 дарегинде жайгашкан «Восток» конок үйүндө мыйзамсыз иш-аракеттердин жүрүп жаткандыгы аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Бул жерде мейманкананын атына жамынып алып, акыркы беш жылдан бери интимдик кызматтар көрсөтүлүп келген. Текшерүүдө өтө начар шарттагы антисанитардык абал жана гигиеналык тазалыктын сакталбагандыгы аныкталган. Мындан тышкары кээ бир коноктордун жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн психотроптук заттарды колдонгондугу боюнча маалыматтар алынган. Учурда бул фактылар текшерилүүдө.

Интимдик кызмат көрсөткөндөр кармалып, Свердлов РИИБге өткөрүлүп берилди жана мекеменин администраторлору аныкталып тергөө амалдары жүрүүдө.

16-август күнү, аталган мыйзамсыз ишмердүүлүктүн уюштуруучусу, интимдик кызмат көрсөтүү үчүн шарттарды түзүп, бул иш-аракетинен киреше таап келген Канатбек Жумабеков кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ошондой эле, «Восток» конок үйүнүн ээсинин жоопкерчилиги каралууда.

492