7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги суу ташкыны. Мэр “Бишкексуучарбанын” директорун иштен алды

576

Бишкектин түштүк тарабында орун алган суу ташкынынан кийин мэр “Бишкексуучарба” муниципалдык ишканасынын директору Радик Жумабек уулун кызматтан алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ошондой эле вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев менен Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиевге сөгүш жарыяланды.

Мэриядан белгилешкендей, күн мурун түштөн кийин абанын температурасынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Ала-Арча дарыясынын нугунда муз тыгыны пайда болгон.

Тыгындарды жоюу үчүн «Бишкексуучарба», «Бишкекжашылчарба», «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын техникалары ыкчам тартылган.

Кечке жуук суу ташкыны токтотулуп, жолдорду муздан тазалоо иштери башталган.

577