7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги түнкү окуя: 11 бейтап ооруканада дарыланып жатат

359
Жалпысынан 41 жабырлануучу медициналык жардам алууга кайрылса, анын ичинен бүгүн, 20-майдын таңына карата 11 бейтап ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.Шаардык тез жардам ооруканасында эки бейтап жатат. Алардын бирине жабык баш мээ жаракаты диагнозу коюлган. Экинчи жабырлануучунун жамбаш сөөгү сынган. Бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда. Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургия бөлүмүндө бир жабырлануучу дарылануусун улантууда, абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.

19-майда дагы 8 чет элдик жаран медициналык жардам алууга кайрылып, Эл аралык медициналык университеттин клиникасына жаткырылган. Бир күн мурун Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев клиникага барып, алардын ден соолугунун абалы менен таанышты. Экөөнө мурун сөөктөрү сынган деген диагноз коюлса, калгандарында жабык баш мээ жаракаттары, ооруксунуу болгон. Алардын баары дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Өз сөзүндө министр жабыркагандарга квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү анын жеке көзөмөлүндө экенин баса белгиледи. «Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жабыркагандарды дарылоо жана керектүү дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча бардык чыгымдар акысыз болот», — деди министр.

360