7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги таштандыларды кайра иштетүүчү завод электр энергиясын өндүрөт

309

Бишкектеги таштандыларды кайра иштетүүчү завод декабрда ишке кирет. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда президент Садыр Жапаровдун Бишкек шаарындагы санитардык полигонго барган учурда белгилүү болду.

Катуу тиричилик таштандыларын кайра иштетүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүүчү заводдун курулушу 2025-жылдын декабрында аяктайт.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов белгилегендей, мамлекет башчыга бул долбоорду ишке ашыруу таштандыларды кайра иштетүү көйгөйүн чечип, кошумча электр энергиясын өндүрүүнү камсыздай турганы айтылды.

Бишкек мэриясынын жетекчилиги маалымдагандай, бүтүндөй Борбор Азия аймагында мындай ишкананын аналогу жок. Завод суткасына 1 миң тонна таштандыны кайра иштетет, анын кубаттуулугу саатына 30 МВт болот. Келечекте кайра иштетүү көлөмүн суткасына 3 миң тоннага жеткирүү пландалууда.

Садыр Жапаров курулуштун мөөнөттөрүн, аткарылган иштердин сапатын жана экологиялык коопсуздук талаптарын так сактоо зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле бул долбоорду жүзөгө ашыруу борбор калааны туруктуу өнүктүрүүгө жана шаардын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болорун айтты.

310