7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2021
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,69
USD 0,00%
102,57
EUR +0,14%
1,14
RUB +0,48%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
19°C

Бишкектеги «Театралдык» гүл бакчасына кайрадан пианино орнотулду

184

Бишкектеги «Театралдык» гүл бакчасында кайрадан музыкалык симфония жаңырууда, деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери пианино орнотушту, демек, суук аба ырайы артта калды», — деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, кышында биз музыкалык аспап ишкананын кампасында кылдаттык менен сакталып, күн жылыганда шаардыктарга тартууланат.

«Аспап кароодон өтүп, күүлөнүп, музыкалык маанай менен конокторду кубандырууга даяр болду», — деп кошумчалашты муниципалитеттен.

Бишкек мэриясы муниципалдык менчикке жана шаарга жакшы кам көрүүнү өтүнөт.

«Эгерде сиз тартиптин бузулгандыгына күбө болсоңуз, анда дароо милицияга кайрылыңыздар: 102», — деп айтылат билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

185