Түркмөнстандын президенти өзүн «Калк Маслихатынын» башчысы катары жарыялады. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 14-апрелде жаңы органдын жыйынында Гурбангулы Бердымухамедов өзүн Калк Маслихатынын башчысы катары жарыялаган. Муну менен Бердымухамедов бир эле учурда аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигин жетектей алат.
Калк Маслихаты– түркмөн парламентинин жогорку палатасы 56 депутаттан турат, алардын сегизин президент жеке өзү дайындайт. Башында Бердымухамедовдун аты аталган эмес, анын парламенттин башчылыгына дайындалышы – күтүүсүз болду.
Белгилей кетсек, 63 жаштагы президент Гурбангулы Бердымухамедов өлкөнүн өкмөтүн дагы башкарат.